14:40 27 октября 2020

ЖАМУ билим берүүнүн 7 багыты боюнча программалык жана институционалдык аккредитациядан өттү

2020-жылдын 22-24-октябрь күндөрү Жалал-Абад мамлекеттик университети жогорку билим берүүнүн 7 багыты боюнча программалык жана институционалдык аккредитациядан өттү.

Аккредитацияны көз карандысыз аккредитациялоо жана рейтинг агенттиги өткөрдү. Эксперттик комиссия материалдык-техникалык базалар менен таанышып, билим берүү процессин уюштуруу, жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу иш-аракеттерине байкоо жүргүздү.

Онлайн сапардын жүрүшүндө окуу жайдын ректору, профессор Кеңешбек Усеновдун жеке интервьюсу, профессорлор, декан, институт директорлору, структуралык түзүмдүн жетекчилери менен интервьюлар өткөрүлдү.

Ошондой эле студенттер, ата-энелер, окутуучулар, бүтүрүүчүлөр, иш берүүчүлөр менен маектешүүлөрдү өткөрүп, окутуучулардын сабактарына катышты. ЖАМУ НААР агенттиги тарабынан белгиленген стандарттарга ылайык даярдалып, жогорку билим берүүнүн 7 багыты боюнча программалык жана институционалдык аккредитациядан ийгиликтүү өттү.

НААРдын жыйынтыктоочу отурумунда окуу жайдын андан ары өнүгүүсү үчүн пикирлер ортого салынып, пайдалуу сунуштар айтылды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть