9:57 7 декабря 2020

ОшТУда илимий-методикалык семинар болуп өттү

2020-жылдын 25-ноябрында М.М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин экономика жана башкаруу факультетинин «Бухгалтердик эсеп жана аудит» кафедрасы тарабынан «Ишканалардагы бюджеттештирүү: көйгөйлөр жана өнүгүүсүнүн келечеги» деген темада илимий-практикалык семинар өткөрүлдү.

Семинарды модератор катары экономика илимдеринин кандидаты, ОшТУнун профессору Мурат Абдиев алып барды жана аталган темада учурдагы ишканалардагы бюджеттештирүү системасынын теориялык-методикалык абалы жөнүндө презентация менен баяндама жасады.

Андан ары семинарда практикалык бөлүгү боюнча ОшТУнун «Бухгалтердик эсеп жана аудит» адистигинин сыймыктуу бүтүрүүчүлөрү-практиктерден: Кыргыз-Турк клиникасынын финансылык менеджери, CIPA-эл аралык сертификацияланган профессионал-бухгалтер Худайберди Мавлянов жана «Южно-Кыргызский цемент» жабык типтеги акционердик коомдун финансылык контроллинг бөлүмүнүн начальниги Арзыкан Ашимова өздөрү иштеген ишканалардын практикалык материалдары боюнча презентация жасашып, суроолорго жооп беришти.

Семинарга ОшТУнун экономика жана башкаруу факультетинин профессордук-окутуучулук жамааты, студенттери жана башка окуу жайлардан: ОшМУ, Ж.Баласагын атындагы КУУдан жана Ош шаардык финансы башкармалыгынан өкүлдөр катышты.

Семинардын жыйынтыгында аталган багыт боюнча өлкөбүздүн чарбалык субъекттери менен тыгыз пратикалык жактан кызматташуу, студенттердин өндүрүштүк практикасында бюджеттештирүү боюнча маалымат алуусуна көмөктөшүү жана илимий иштерди күчөтүү, окуу процессинде атайын темалар менен кенири окутуу сунушу кабыл алынды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть