10:23 24 декабря 2020

ЖАМУда «Айтматов жана табият» аттуу дилбаян сынагы болуп өттү

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин nабигый-техникалык факультетинин «Биология» кафедрасы тарабынан уюштурулган улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 92 жылдыгына карата «Айтматов жана табият» аттуу дилбаян сынагы болуп өттү. Бул тууралуу кафедра башчысы билдирди.

Анын айтымында, бул иш-чарага жалпы 65 студент дилбаян жазган. Жыйынтыгында атайын комиссиянын мүчөлөрү дилбаян жазуучулардын ичинен алдыңкы орундардын ээлерин аныкташты.

Сынактын жеңүүчүлөрү:

  • 1-орунга Кт-1-18 тайпасынын студенти Жунусалиева Айчүрөк татыктуу болуп, Ч.Айтматовдун 10 томдук китеби менен сыйланды.
  • 2-орунга В-1-18 тайпасынын студенти Масиркулов Эрнист ээ болуп, ага 1500 сом акчалай сыйлык тапшырылды.
  • 3-орунга мектептин биология мугалими Мамытбекова Айжамал татып, 1000 сом акчалай сыйлыкка татыктуу болду.

Андан сырткары, катышуучулар диплом, грамота жана кызыктыруучу белектер менен сыйланды.

Сынакты каржылоо кафедранын окутуучусу Камчыбекова Кенже тарабынан колго алынды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть