Майлуу-Суу шаарындагы №7 жалпы билим берүү орто мектебинде 11-февраль күнү Майлуу-суу ШИИБ боюнча ЖККК тобунун улук инспектору, милициянын капитаны К.Ташкараев, Р.Тургунбаев жана соцпедагог З.Акматкулова менен биргеликте «Мен жарыктандыргыч жабдыктарын колдоном» акциясынын алкагында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Жолугушуунун башкы максаты — жаш балдар катышкан жол кырсыктардын алдын алуу болгондуктан, окуучуларга караңгыда жарык берүүчү ленталар таратылды.