Майлуу-Суу шаарындагы №7 жалпы билим берүү орто мектебинде 15-февраль күнү «Советтик армиянын Ооган жергесинен чыгарылгандыгына 32 жыл» аттуу иш-чара өттү.
Иш-чаранын алкагында көргөзмө, класстык сааттар, эскерүү кечелери уюштурулду. Иш-чара китепканачы жана тарых мугалими тарабынан өткөрүлдү.