23:04 5 апреля 2021

ОшМУ менен Чуваш мамлекеттик педагогикалык университети кызматташуу келишимине кол койду

Ош мамлекеттик университети менен И.Я.Яковлев атындагы Чуваш мамлекеттик педагогикалык университетинин жетекчилеринин ортосунда академиялык мобилдүүлүк боюнча келишимге кол коюлду.

Келишимге ылайык, ар бир семестрде өнөктөш университеттер бири-бирине 15 студентке чейин академиялык мобилдүүлүк боюнча окууга жөнөтүшөт.

Жыйынга Чуваш мамлекеттик педагогикалык университетинен окуу иштери боюнча проректору Светлана Ильина, тарбия жана социалдык иштер боюнча проректор Ольга Лукичева, илимий жана инновациялык иштер башкармалыгынын башчысы Александр Кириллов, ОшМУдан ректор Кудайберди Кожобеков, эл аралык байланыштар департаментинин директору Абдыганы Абдувалиев, тиешелүү факультеттин декандары, кафедра башчылар жана программа жетекчилери катышты.

Өнөктөш эки окуу жай ортосунда бир топ убакыттан бери кызматташуу алакалары жүрүп келе жактандыгы айтылып, келечекте кош дипломдуулук, биргелешкен билим берүү программалары, академиялык мобилдүүлүк, илимий, маданий, социалдык багыттагы кызматташтыктар боюнча сөз болду.

Чуваш мамлекеттик педагогикалык университетинин окуу иштери боюнча проректору Светлана Ильина университет уюштурган «Орус тили чет тили катары: кептик стилдердин ар түрдүүлүгү», «Орус адабиятын окуп, түшүнүүгө үйрөнөбүз» аттуу онлайн курстарды ийгиликтүү аяктаган окутуучуларга, студенттерге сертификат тапшырды.

Жаңы окуу жылынан эки окуу жай ортосунда чет тилдери, химия жана биология, колдонмо информатика, башталгыч билим берүү багыттары боюнча кош дипломдуулук, окуу пландарын интеграциялоо, билим берүү программалары менен алмашуу иш-аракеттери башталат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть