Ош технологиялык университетинин «Ыктыярчы ОшТУ» тобу 1-июнь — «Балдарды коргоо» күнүнө карата «Алтын уя» жана «Лотос» балдар үйүндөгү балдарды бир күндүк лагерге алып чыгышты.
Студенттер балдарды зоопаркка, кинотеатрга, эс алуу багына алып барып, жаш балдардын көңүлүн ачып ойнотушту.
«Алтын уя» балдар үйүнүн тарбиячысы «Ыктыярчы ОшТУ» тобуна ыразычылыгын билдирди.