13:52 13 сентября 2021

Ош мамлекеттик университети тренерлерди окутуучу ХАБ кызматын аткарат

Ош мамлекеттик университети дүйнөгө таанымал ЮНЕСКОнун Махатма Ганди атындагы Билим берүү институту (ЮНЕСКО / MGIEP) менен биргеликте 2021-жылы 1-сентябрдан баштап санариптик билим берүү боюнча долбоор баштады.

Долбоорго Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикистан кирет.

Долбоор бүткүл өлкө боюнча мугалимдердин санариптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталып, интерактивдүү сабак өтүү, санариптик окутуу жана баалоону жакшыртуу, санариптик технологияларды колдонуу менен катышуунун деңгээлин жогорулатуу жана окуу натыйжаларын жогорулатуу үчүн технологиянын күчүн колдонууга багытталат.

Бул долбоор ЮНЕСКОнун MGIEPтин колдоосу менен мугалимдердин санариптик билим берүүгө болгон көндүмдөрүн бир топ жогорулатууну максат кылат.

Долбоордо Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикистандан 150 мектептен 5000дей мугалимди окутуу пландалган. Мугалимдерге санариптик педагогиканы окутуу үчүн ЮНЕСКОнун MGIEP тарабынан иштелип чыккан модулу колдонулат. Аталган модулга тренердерди окутуу үчүн англис тилин билген адистер тартылат.

Долбоорго өлкөнүн дээрлик бардык мамлекеттик жогорку окуу жайлары: И.Арабаев атындагы КМУ, БатМУ, ОшКӨУ, ТалМУ, НМУ, ЖАМУ жана орто мектептин мугалимдери катышат. Долбоордо окуган тренерлер алган билимин өз өлкөлөрүндө жана региондорунда орто мектептин мугалимдерине таратышат.

Ош мамлекеттик университети тренерлерди окутуучу ХАБ кызматын аткарат. Бул үчүн ОшМУда Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун ортосундагы кызматташтык жөнүндө Ош декларациясы жана кызматташуу меморандумдары бар. Бул кызматташуу келишимдер өлкөнүн социалдык-экономикалык, руханий жана интеллектуалдык өнүгүүсүнө көмөктөшүүгө багытталган, андыктан университет республиканын алдыңкы жогорку окуу жайы болуп саналат.

ЮНЕСКО / MGIEP — ЮНЕСКОнун ажырагыс бир бөлүгү. Бул институт биринчи жана жалгыз ЮНЕСКО изилдөө институту болуп саналат. Негизги максаты туруктуу өнүгүү жана биилм берүү аркылуу тынчыткты куруу, туруктуу коомду түзүү болуп саналат.

Бул долбоор жогорку окуу жайлар ортосунда жаңы идеялардын жаралышында, санариптик педагогиканын өнүгүшүндө негиз катары кызмат кылат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть