18:01 18 октября 2021

ЖАМУнун студенти Мехрибону Кенжаева Кыргызстандын мыкты студенти аталды

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин табигый-техникалык факультетинин химия адистигинин 3-курсунун студенти Кенжаева Мехрибону Казакстандын «Бобек» жалпы улуттук кыймылы» ассоциациясы тарабынан Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин илимий жана билим берүү мекемелеринин арасында уюштурулган «I эл аралык китеп басылмасы» жана «Мыкты жаш илимпоздор-2021» долбоорунда жеңүүчү деп табылып, «Кыргызстандын мыкты студенти» аталышындагы диплом жана медаль менен сыйланды.

Аталган долбоорго Кыргызстандын жогорку окуу жайларынан талапкерлер катышкан. Алардын арасынан эң мыкты деп табылгандардын илимий эмгектери КМШнын жаш окумуштууларынын эл аралык китеп коллекциясына киргизилди.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть