12:04 29 октября 2021

Кыргыз-Өзбек университети Түрк кеңешинин Түрк университеттер ‎ассоциациясына мүчөлүккө кабыл алынды

2021-жылдын 26-октябрында Казакстандын Түркестан шаарында Түрк кеңешинин түрк университеттеринин V Генаралдык ассамблеясы өттү.

Ассамблеяга Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин ректору, профессор Чаткалбай Райымбаев, Эл аралык байланыштар жана инвестициялар департаментинин директору, профессор Аида Балтабаева катышты.

Түрк кеңешинин башкы катчысы Багдад Амреев жана Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын жетекчилери катышкан ассамблеянын жыйынтыгында Кыргыз-Өзбек эл аралык университети Түрк кеңешинин Түрк университеттер ‎ассоциациясына кабыл алынды.

Кыргыз-Өзбек университетинин ректору Чаткалбай Райымбаев түрк университеттеринин V Генаралдык ассамблеясына чакыруу жолдоп, Түрк кеңешинин Түрк университеттер ‎ассоциациясына мүчөлүккө кабыл алуу чечимин билдиришкени үчүн жалпы жамааттын атынан ыраазычылык билдирип, көп улуттуу жамаат үчүн тарыхый чечим болорун айтып, Түрк университеттер ‎ассоциациясында мүчө болгон жогорку окуу жайлар менен эки тараптуу кызматташууну бекемдөө зарылчылыктарына токтолду.

Андан сырткары, иш сапардын алкагында Ахмед Ясави атындагы эл аралык Казак-Түрк университети менен кызматташуу меморандуму түзүлдү.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть