15:00 29 октября 2021

КМУнун «Журналистика» кафедрасы фактчекинг боюнча тренинг уюштурду

И.Арабаев атындагы КМУнун чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин «Журналистика» кафедрасы «Фактчекинг менен иштөө» аттуу тренинг уюштурду.

Тренингди Кыргызстандагы Медиа өнүктүрүү борборунун медиаэксперти Асель Сооранбаева алып барды. Фейк маалыматтар, алардын пропагандаланышы, манипуляциаланышы менен күрөшүү максатында 2018-жылы FAKTCHEK.KG аттуу атайын көз карандысыз онлайн-платформа иштелип чыккан. Бул долбоор иштеп баштагандан тартып кыргыз журналистикасында жаңы багыт пайда болду. Бүгүнкү күндө фактчекинг журналисттер, саясатчылар арасында кеңири колдонулат. Ал эми студенттер үчүн эн мааанилүү билгичтик болуп саналат.

Тренингде фактчекинг түшүнүгүнөн тартып, бүгүнкү күндөгү эң актуалдуу болгон Instagram, Facebook, Whatsapp ж.б.у.с. социалдык тармактарда тарап жаткан фейк маалыматтар жана алардын чын төгүнүн аныктоо, маалыматка сын көз караш менен кароо, маалыматты иргөө жана аларды анализдөө, текшерүү этаптары жөнүндө кенен маалымат берилди.

Иш-чара суроо-жооп менен коштолуп, Медиа өнүктүрүү борбору менен окуу жайдын мындан ары да ар тараптуу кызматташуу маселелери макулдашылды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть