Ош шаарындагы «Боорукердик үйү» шаардагы жана алыскы аймактардан келген кароосуз калган жаш балдарды, кароого муктаж болгон карыларды өзүнө кабыл алып, коомго аралаштырып, жашоосуна өз көмөгүн берип келет. Бул жайда ар кайсы курактагы жаш балдар менен карылар чогуу жашашат. Аталган үй-интернатына Ош технологиялык университетинин студенттери барып, кайрымдуулук иштерин жасап келишти.
Бул иш-чара студенттердин арасында салтка айланып, бир канча жылдан бери улантылып келет. Студенттер ал жердин жашоочуларынан кабар алып, күз айларындагы тазалоо иштерине катышып, мекеменин айланасындагы бейтарап жаткан ашыкча нерселерди жыйнап беришти.