11:02 19 ноября 2021

ОшТУ студенттер үчүн майрамдык кече уюштурду

Ош технологиялык университети студенттерге жаркын маанай тартуулады. 17-ноябрь — Бүткүл дүйнөлүк студенттер күнүнө карата Ош шаарындагы ресторандардын биринде студенттер кечеси өткөрүлдү.

Аталган иш-чара окуу жайдын жаштар комитетинин уюштуруусунда ишке ашып, өзгөчө программанын негизинде коштолду.

Кечеде студенттер үчүн дасторкон жайылып, университеттин ректорунун милдетин аткаруучу Жумакадыр Матисаков сөз сүйлөп, Студенттер күнү менен куттуктап, ийгилик жаратып, окуу жайдын өнүгүүсүнө өз салымдарын кошкон студенттерге ардак грамота, атайын диплом жана баалуу сыйлыктарды тапшырды. Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу Жаныш Жусупбеков тарабынан шаардык иш-чараларда өз активдүүлүгүн көрсөткөн студенттерге ардак грамоталар ыйгарылды.

Майрамдык кечени белгилүү ырчы-бийчилер коштоп, студенттерге көңүлдүү эс алуу уюштурулду.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть