17-ноябрь — Студенттердин эл аралык күнүнө карата Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинде «Биз таланттарды издейбиз» аттуу факультеттер арасында кароо-сынак өткөрүлдү.
Кароо-сынак 3 бөлүктөн туруп, саламдашуу, обондуу ыр, бий багыттары боюнча студенттер таланттарын көрсөтүштү.
Жыйынтыгында таланты, сахнадагы жүрүм-туруму, чыгармачылык жөндөмү, мыкты даярдыгы менен келген факультеттердин студенттери жеңишке жетишти.
Калыстар тобунун баалоосу менен 3-орунга кесиптик колледждин студенттери, 2-орунга тарых-филология факультети менен табигый-педагогикалык жана маалыматтык технологиялар факультетинин студенттери ээлик кылып, 1-орунду юридика-бажы факультети, баш байгени гуманитардык-педагогикалык факультетинин студенттери багындырышты.
Андан сырткары, «Эң мыкты ырчы», «Эң мыкты бийчи» номинацияларынын жеңүүчүлөрү аныкталды.
Cынакты уюштуруунун максаты — студенттердин маданий эс алуусун колго алып, таланттуу студенттердин жөндөмүн, шыгын арттырып, коомчулукка алып чыгуу.