16:53 22 ноября 2021

ОшМЮИде «Кыргыз Республика­сы­нын шай­лоо систе­ма­сы: теориялык, практикалык негиздери» аттуу конференция өттү

2021-жылдын 19-ноябрь күнү Ош мамлекеттик юридикалык институтунда «Кыргыз Республика­сы­нын шай­лоо систе­ма­сы: теориялык, практикалык не­гиз­дери» аттуу сту­дент­­тер, магистрант­тар, аспиранттар менен ОПК бирге­­леш­кен чөл­көм­­дүк или­мий-прак­ти­калык конференциясы өткөрүлдү.

Конфе­рен­ция салттуу түрдө уюштурулуп, төмөн­кү илимий багыттарда иш алып барды:

1. Кыргыз Республика­сы­нын президентин, Жогорку Кеңештин жана жер­ги­­лик­түү кеңештердин депутаттарын шайлоо: конституциялык укуктук негиз­дери, өзгөчөлүк­төрү жана айырмачылыктары.

2. Азыркы гуманитардык, так илимдердин көйгөйлүү маселелери.

Конференцияга, анын секциялык иштерине бардыгы болуп 130 адам катышып, илимий баяндама жасашты. Конференцияга Кыргыз Республикасынын бир катар чөлкөмдөрүнүн жо­гор­ку окуу жай­ла­ры­нын өкүлдөрү да келишти: Бишкектен — 7, Баткенден — 5, Жалал-Абаддан — 5, Ош облу­сунун окуу жайларынан — ОшМУ, ОшТУ, ОшГПУ, Б.Сыдыков атындагы Кыр­гыз-Өзбек эл аралык университетинин, ОшМЮИ, КР УИА ТБ өкүлдөрүнөн — 122 адам, алардын ичинде ОшМЮИден — 67 окутуучу, 11 магистрант, 12 студент илимий баянда­ма­лары, алар­дын авторлору өз табылга­лары, маз­­мун­­­дуу маалыматтары, илимий иликтөө­лөрү­нүн жыйын­­тык­тары, жеке пикир­лери менен ой бөлүштү.

Конференцияда бир катар катышуучулар өздөрүнүн омоктуу ойлору, жүйөлүү пикирлери, натыйжалуу табылгалары менен башкалардан айырмаланып турду. Алар: Ж.Дуйшеев, Б.Кудаярова (К.Ш.Токтомаматов атындагы ЭАУ), Ш.М.Баки­ро­ва, З.Матисакова, Н.Пазылов, Б.Амирбекова, А.Заиров, Д.Кадыралиева, Д.Таштеми­ров, Т.Тажидин уулу, Б.Талайбекова (ОшМЮИ).

Конференциянын максаты — 28-ноябрдагы Жогор­ку Кеңешке депутаттарды шайлоого байланыштуу бир катар теориялык жана практи­калык маселелерге укуктук, саясий, тарыхый таризде саресеп салуу. Аталган чөл­көм­­дүк или­мий-прак­ти­калык конфе­рен­цияда Кыргыз Рес­пуб­лика­сы­нын президен­тин, Жогорку Кеңе­шитин жана жер­ги­­лик­түү кеңеш­тердин депутаттарын шайлоо тартиптери, алардын мурдагы жана азыркы конституциялык, укуктук негиздери, ар­тык­­чылыктары, өзгөчөлүк­төрү жана айырмачылыктары кеңири талкууланды. Дагы бир максат — ошол өзгөчөлүктөрдү, айырмачылыктарды, артыкчылыктарды азыр­­кы замандаштарга, айрыкча жаш муундар, алар аркылуу коомчулукка учурда­гы шайлоонун саясий, укуктук жана тарыхый маанисин кеңири түшүндүрүп, ар тараптуу пропагандалоо. Конференциянын жыйынтыгында жасалган баяндамалардын негизинде катышуучулар резолюция кабыл алышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть