17:04 10 декабря 2021

ОшМУда Ризван Исмаилованын «Үнү каткан улар» аттуу көркөм-даректүү баянынын бет ачар аземи өттү

ОшМУда Улуттук адабият күнүнө карата 9-декабрь күнү жазуучу-публицист, адабиятчы, филология илимдеринин кандидаты, доцент Ризван Исмаилованын «Үнү каткан улар» аттуу көркөм-даректүү баянынын бет ачар аземи болду.

Кечеге президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн, Ош шаардык мэриясынан, Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардан өкүлдөр, акын-жазуучулар, жакын санаалаштары, кесиптештери, адабият күйөрмандары катышты.

«Үнү каткан улар» аттуу көркөм-даректүү баянда акын Жолон Мамытовдун өмүрүндөгү кызыктуу ирмемдер, урунттуу учурлар камтылган. Риза Савай (Ризван Исмаилова) — Жолон Мамытовду изилдеп, диссертация жактаган илимпоз. Акындын чыгармачылыгын, өмүр жолун изилдеп, кийинки муун үчүн эмгектенип келе жаткандыгы кечеде айтылды.

Иш-чара Улуттук жазуучулар союзунун Ош бөлүмү, Ош мамлекеттик университети жана «Жигер» чыгармачыл жаштар борбору тарабынан уюштурулду.

Жазуучу-публицист, адабиятчы Ризван Исмаилова 1984-жылы ОшМПУну (азыркы ОшМУнун) артыкчылык диплому менен бүтүргөн. 1997-жылдан тартып республикалык-саясий «Эркин-Тоо» гезитинин түштүк аймагындагы кабарчысы болуп эмгектенип келет. Журналисттик ишмердүүлүк менен биргеликте ОшМУ, ОшТУда окутуучу, ага окутуучу, доцент болуп студенттерге билим берген. Учурда ОшМЮИда эмгектенет. 30га жакын илимий-теориялык жана илимий-усулдук макалалары жарык көргөн. «Жолон Мамытовдун лирикасы», «Эпикалык чабыттар», «Европанын берметтери», «Сырдуу Италия», «Ак өрүк», «Кайрымдуу жүрөк карыбайт», «Дүйнөсү түгөл Швейцария» аттуу прозалык китептердин, илимий-усулдук китептердин автору. 2021-жылы ноябрда «Үнү каткан улар» көркөм-даректүү баяны басмадан чыккан.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть