18:42 13 декабря 2021

ОшМУда «Айтматовдун кытайдагы таасири» аттуу адабий кече өттү

ОшМУнун Кыргыз-Кытай факультети залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 93 жылдыгына карата «Айтматовдун кытайдагы таасири» аттуу адабий кече өткөрдү.

Кечеге Кыргызстандагы жана Борбордук Азиядагы Фуцзянь провинциясынын соода палатасынын төрагасы Лин Цзиндиан, Ч.Айтматов боюнча Кытайдагы эксперт-изилдөөчү Рен Чжэн, Кыргыз-Кытай факультетинин профессордук-окутуучулук курамы, студенттер катышты.

Иш-чарада жазуучунун «Тоолор кулаганда» чыгармасынын негизинде «Жаабарс» сахналык көрунүшү көрсөтүлдү. Ошондой эле кыргыз, кытай тилдеринде чыгармаларынан монологдор айтылып, сахналык көрүнүштөр, ыр-бийлер тартууланды.

Адабий кеченин жүрүшүндө Ч.Айтматов боюнча кытайдагы эксперт-изилдөөчү Рен Чжен «Чыңгыз Айтматов жана Кытай» деп аталган темада баяндама жасап, студенттердин суроолоруна жооп берди. «Чыңгыз Айтматовдун кытай тилине которулган чыгармаларын кызыгып окуйм, кытай тилине жарык көргөн чыгармаларынын баарын өзүм топтоп келем. 60 жылдан бери Айтматовдун чыгармалары бир нече жолу которулуп, басмадан чыгып келет. Кытайдын Шанхай шаарында жайгашкан Чыгыш педагогикалык университетинде Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын изилдөө борбору да бар. Борбор тарабынан жазуучунун чыгармалары изилденип келүүдө», - деди Рен Чжен.

Кыргызстандагы жана Борбордук Азиядагы Фуцзянь провинциясынын соода палатасынын төрагасы Лин Цзиндиан, Ч.Айтматов боюнча Кытайдагы эксперт-изилдөөчү Рен Чжэн иш-чаранын алкагында Чыңгыз Айтматовдун кытай тилине которулган китептерин ОшМУнун жана Кыргыз-Кытай факультетинин китепканасына белекке тапшырды. ОшМУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Мастурахан Шарипова Кытай элинен келген конокторго ыраазычылык билдирип, окуу жайдын атынан ыраазычылык каттарды тапшырды.

Кечеде окурмандар үчүн жазуучунун кытай тилине которулган 40тан ашуун китептеринин көргөзмөсү, кытай элинин салттуу каллиграфия жана сүрөттөрү жарманкеге коюлду.

Бүгүнкү күндө Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары 165тен ашык тилге которулган. Кытай тилине алгачкы ирет 1961-жылы «Жамийла» повести которулса, учурда жазуучунун дээрлик бардык чыгармаларын кытай тилинде окууга болот.

Көзү тирүү болгондо аалам алпы Чыңгыз Айтматов 12-декабрда 93 жашка чыкмак.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть