17:59 13 декабря 2021

ОшМУда Улуттук адабият күнү белгиленди

Ош мамлекеттик университетинде 12-декабрь — Улуттук адабият күнүнө карата «Адабият ааламында» аттуу кароо-сынак өттү.

Иш-чара Ош шаарынын мэриясынын мамлекеттик тил боюнча жетектөөчү адиси Зуур Амирбеков жана жана Ош мамлекеттик университетинин мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Мастурахан Шарипова тарабынан демилгеленип, уюштурулду.

Кечени Ош шаарынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Масуда Айдарбекова ачып, Улуттук адабият күнү менен куттуктап, иш-чаранын уюштуруучуларына ыраазычылык билдирди.

«Адабият ааламында» кароо-сынагына ОшМУнун факультет, колледждеринин командалары финалдык беттеште чыгармачылыгын тартуулашты. Кароо-сынактын 1-этабында студенттер тарабынан Чыңгыз Айтматовдун жана Алыкул Осмоновдун чыгармаларынын негизинде театрлаштырылган сахналык көрүнүштөр тартууланды. 2-этабында көркөм композициялык окуулар, монологдор орун алды.

Сынакта КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын, жазуучу Зинакан Пасаңова калыстар тобунун төрайымы болду.

Жыйынтыгында мыкты чыгармачылык өнөрлөрүн тартуулаган факультет, колледждердин командалары, аларды даярдап алып чыккан окутуучулар Ош шаардык мэриясынын жана ОшМУнун дипломдору, ыраазычылык каттары, акчалай сыйлыктары, баалуу белектери жана Кыргыз эл акыны Тазагүл Закированын 6 томдук чыгармалар жыйнагы менен сыйланышты.

Ошондой эле ОшМУнун профессору, ф.и.д., Гулина Жамгырчиева «Заман чакырыктары көркөм адабиятта» деген темада илимий баяндама жасады.

Кеченин коноктору Улуттук адабият күнүнө арналган искусство факультетинин таланттуу студенттеринин сүрөт көргөзмөсүнө жана окуу жайдын илимий китепканасынын китеп көргөзмөсүнө да күбө болушту.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть