16:46 27 декабря 2021

КМУда студенттер арасында билим таймашы өттү

25-декабрда И.Арабаев атындагы КМУнун тарых жана социалдык укуктук билим берүү факультетинин студенттеринен куралган «Билге» студенттик уюму кыргыз элинин көрүнүктүү тарыхый инсаны Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгына жана өлкө эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган билим таймашын өткөрүштү.

Таймашка мектеп окуучулары жана студенттер катышты.

Оюнга жалпы 33 команда катышты. Алардын арасынан 3 команда мектеп окуучуларынан куралган команда болсо, калгандары ЖОЖдордо билим алып жаткан студенттерден куралган командалар болушту.

Таймашта алдыңкы орундарды төмөнкү командалар ээлешти:

  • 1-орун — Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин «Манас» тобу;
  • 2-орун — Кыргыз-Түрк «Манас» университетинен «Санжыра» тобу.
  • 3-орун — Академик Үсөнгазы Асаналиев атындагы Тоо-кен институтунун «Чоролор» тобу.

Ал эми калыстар тобунун чечимине ылайык, «Мыкты оюнчу» номинациясына КРнын президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын студенти Сыдыгалиев Рысбек ээ болду.

Иш-чаранын соңунда жалпы катышуучуларга сертификаттар тапшырылды. Билим таймашка И.Арабаев атындагы КМУнун окуу башкармалыгын башчысы Равшан Зайниев жана тарых жана социалдык укуктук билим берүү факультетинин деканы Назира Курбанова катышып, катышкан командаларга ийгилик каалашты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть