11:59 29 декабря 2021

ОшМУда окумуштуу Зияш Бектеновдун 110 жылдык мааракесине арналган конференция өттү

ОшМУда 28-декабрда кыргыз элинин көрүнүктүү тилчи-илимпоз, манас таануучу, педагог, котормочу жана Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Зияш Бектеновдун 110 жылдык мааракесине арналган «Көп кырдуу кыргыз аалымы» аттуу республикалык илимий-практикалык конференция өттү.

Конференцияга окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамы, студенттер катышты.

Конференцияда Гулина Жамгырчиева «Зияш Бектеновдун агартуучулук жана адабияттык ишмердүүлүгү», Абдумиталип Мурзакметов «Зияш Бектенов — фольклор таануучу жана этнограф», Фарида Алиева «Зияш Бектеновдун педагогикалык ишмердүүлүгү» деген темаларда баяндама жасашты.

Зияш Бектенов Ташым Байжиев менен авторлошуп 3-4-класстын «Эне тилин», Узакбай Абдукаимов, Кусеин Карасаев менен 4-класстын «Биздин адабият», 1948-1949-жылдары Ташым Байжиев менен биргелешип орто мектептин 8-классынын «Кыргыз адабияты» (фольклор), орус мектептеринин 3–4-класстары үчүн «Кыргыз тили» (1959), 5-класстын «Кыргыз адабияты» (1963), 4-класстын «Кыргыз адабияты» (1969) окуу китептерин жазышып, окуу программаларын түзүшкөн.

«Манас» эпосуна байланыштуу иштерге жигердүү катышып, аны кара сөзгө айланткан. Орус тилинен Д.Фонвизиндин «Кемпай», Н.Островскийдин «Добул», К.Гольдонинин «Эки мырзанын малайы», Назым Хикметтин «Унутулган адам», Бернард Шоунун «Пигмалион» аттуу спектаклдерин которгон.

Конференция кыргыз филологиясы жана журналистика факультети тарабынан өткөрүлдү.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть