ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Батма Топоева-Ставинская менен жолугушту.
Жолугушууда Батма Топоева-Ставинская «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин жүргүзүп жаткан иш-аракеттери тууралуу айтып берди. ОшМУдагы адистер быйыл жаңы кабыл алынган студенттерди алгач тил билүү деңгээлин аныктоочу онлайн-тесттен өткөрүп, окутууга багыт алып жаткандыгына жогору баа берди. Бул багытта «Кыргызтест» ОшМУ менен биргеликте кызматташууга даяр экендигин кошумчалады.
Деңгээлдеп окутууну ишке ашыруу үчүн маалыматтарды, китептерди, окуу-усулдук колдонмолорду биргелешип иштеп чыгуу, окутуучулардын билимин жогорулатып, тест жаатында мыкты адистерди даярдоо, тажрыйба алмашуу багытындагы иштер жолугушууда айтылды.
ОшМУнун ректору учурда «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин жүргүзүп жаткан иш-аракеттеринин алкагында мамлекеттик тилди өнүктүрүүнү бала бакчадан, мектептен тартып иш алып барылса, жогорку окуу жайдагы жүргүзүлүп жаткан иштер да жакшы жыйынтык берерин белгиледи.
«Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору ОшМУга №1 факультеттер аралык кыргыз тили жана адабиятынын практикалык курсу кафедрасынын чакыруусу менен келген. Учурда кафедрада окутуучулар менен жолугушуп, тилдик деңгээлдик-тутумдук окутуу, талаптарга ылайык тест түзүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты. 30-январга чейин усулдук жардам жаатында семинар, аңгемелешүү уюштурулуп, окутуучулар «Кыргызтест» системасынан тесттен өтүшөт.
«Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси менен ОшМУ кызматташып, алгылыктуу иштерди алып барууну көздөгөн меморандумга кол коюу алдында турат.