Бишкек шаарынын Кожомкул атындагы Спорт ордосунда спорттун самбо түрү боюнча аялдар жана эркектер арасында, күжүрмөн самбо боюнча эркектер арасында Кыргыз Республикасынын чемпионаты болуп өттү.
Мелдеште Ош технологиялык университетинин энергетика факультетинин студенти Адил уулу Алымбек 98 кг салмак ченинде күч сынашып, 3-орунга ээ болду.