2022-жылдын 25-февралында Ысык-Көл мамлекеттик университетинин колледжинин жалпы гуманитардык жана педагогика бөлүмүнүн студенттерине жана окутуучуларына Б.Бийбосунов атындагы педагогикалык колледжинин окутуучусу Давлетова Динара Курбановна конок лектор катары келип, «ϴзгөрүүлөрдү башкаруунун элементтери» деген темада лекция окуп берди.
Лекциянын жүрүшүндө жалпы аудиторияны топторго бөлүп иштетүү менен, өтүлгөн лекция боюнча кайтарым байланыш алуу мүмкүнчүлүктөрү дагы ишке ашырылды. Окутуучулар менен студенттердин өз-өзүнчө топтордо иштөөсүндөгү алынган жооп-презентациялардагы ойлор жаӊы идеяларды жаратты.