12:16 1 марта 2022

КУАУнун Гидромелиорация, экология жана жерге жайгаштыруу факультетинин студенттерине конок лекция окулду

2022-жылдын 28-февралында К.И.Скрябин атындагы КУАУнун жыйындар залында «Кумтор Голд Компани» компаниясынын инженер-гидротехниги Тилек Абдыраков КУАУ менен «Кумтор Голд Компани» ортосунда түзүлгөн мемерандундун алкагында университетте студенттерди кесиптик багытын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү жана окуу-методикалык иштердин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Гидромелиорация, экология жана жерге жайгаштыруу факультетинин 1-2-3-4-курстарынын студенттерине «Экологическое состояние хвостохранилищ» аттуу темада конок лекция өткөрүлдү.

Лекцияда факультет даярдап жаткан адистиктер «Кумтөр» ишканасынын негизинде дамбалар, калдыктарды (хвостохранилища) куруунун, топурак, суунун тепературасын өлчөө, мөңгүлөрдүн жылышы жана башка көптөгөн кызытуу маалыматтарды берди.

Ошондой эле «Кумтор Голд Компани» компаниясынын кадрларды даярдоо жана өнүктүрүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Сайха Масимова студенттерге төлөөнүчү стажировка жөнүндө маалымат берип, стажировка өтүүгө чыкырды.

Иш-чарага КУАУнун окуу иштери боюнча проректору, в.и.д., профессор А.Иргашев, ГЭжЖ факультетинин деканы, а-ч.и.д., профессор А.Самыкбаев, окуу бөлүмүнүн башчысы, т.и.к., доцент Ш.Аматов жана кафедра башчылары катышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть