16:36 1 апреля 2022

ОшТУнун делегациясы Түркияда иш сапарда болду

ОшТУнун ректорунун милдетин аткаруучу Мурзабек Сагыналиев, технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинин деканы Танаков Нурланбек, «Айыл чарба азыктарын кайра иштетүүнүн технологиясы» кафедрасынын башчысы Ирматова Жылдыз Стамбул шаарында Европанын университеттери менен байланыш түзүү максатында уюштурулган жолугушууга катышып келишти.

Жолугушуу Германиянын эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) «Борбордук Азиядагы экономикалык өнүгүүнүн секторлору үчүн кесиптик билим берүү» долбоору тарабынан уюштурулуп, Латвия табигый илимдер жана технологиялар университети, Литванын Саламаттыкты сактоо илимдер университети, Коимбра экономикасынын жогорку мектеби, Швециянын айыл чарба илимдер университети, Ош технологиялык университети катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекеттер аралык жогорку окуу жайлардын ортосунда билим берүүнүн эл аралык стандартына жооп бере турган окуу программалары боюнча бир нече долбоорлор сунушталып, аларды ишке ашыруудагы аракеттер тууралуу талкуу болду. Мындан сырткары, ар бир окуу жайдын өкүлү өздөрүнүн окуу жайлары жөнүндө кеңири маалыматтарды беришти. 

ОшТУнун ректорунун милдетин аткаруучу Мурзабек Сагыналиев Ош технологиялык университетиндеги даярдалып жаткан багыттар, адистиктер, байланыштар, долбоорлор, материалдык-техникалык база тууралуу презентация жасады.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть