17:42 1 апреля 2022

ОшТУнун студенттери кайрымдуулук жасашты

Ош технологиялык университетинин Жаштар комитети «Үмүт жарыгы» кайрымдуулук фонду менен биргеликте Ош шаарындагы «Алтын уя» боорукердик үйүнүн жана шаардагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына бир күндүк лагерь уюштурду.

Уюштуруучулар тарабынан балдарга «Семетей» кинотеатрында мультфильм көрсөтүлүп, түшкү тамак берилип, андан кийин зоопаркка алып барышты. Балдарга жагымдуу маанай тартуулагандан кийин аларды өз даректерине жеткиришти.

Кайрымдуулук иштерди жасоону адат кылып алган ОшТУнун студенттери колдорунан келишинче аракеттерди көрүшүп, шаардын башка дагы ушул сыяктуу мекемелерине жардам берип келишет. Бул сыяктуу коомдун аярлуу катмарына өзгөчө мамиле кылып, аларды дагы коомдун татыктуу мүчөсү кылып калыптандырууда, жаштарыбыздын бул аракеттерине «Алтын уя» боорукердик үйүнүн жетекчилиги ыраазычылык айтты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть