5-апрелде И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Төлөбек Абдырахманов университеттин чарба иштери боюнча проректору Амангелди Сыйырбеков менен бирге университеттин №3 корпусундагы спорттук залдын ремонттон кийинки абалы менен таанышты.
И.Арабаев атындагы КМУда 2 чоң спортзал бар. Учурда бир зал толук ремонттолуп, жуунучу жай, мугалимдер отурчу аудиториялык бөлмөлөр оңдоп-түзөөдөн өттү.
Жакынкы убактарда окуу жайдын башкы корпусунда жайгашкан экинчи спортзал да толук капиталдык ремонттон өтөрү күтүлүүдө.