2022-жылдын 14-апрелинде айыл чарба министри А.Жаныбеков К.И.Скрябин атындагы КУАУнун ректору, УИАнын академиги Р.Нургазиев, профессор-окутуучулар менен жолугушуп, университеттин материалдык-техникалык базасы, окуу лабораториялары менен таанышты.
Министр КУАУдагы Демонстрациялык балык чарбасы бүгүнкү күндө абдан керектүү, маанилүү окуу-лаборатория экендигин тастыктап, балык уулоочулук жана аквамаданият адистиги боюнча билим алып жаткан студенттер үчүн аталган балык чарбасынын зарылдыгын белгиледи.