17:18 22 апреля 2022

ЫМУда «Өмүрү өрнөк инсандар» аттуу жолугушуу кечеси өттү

2022-жылдын 20-апрелинде кыргыз тили жумалыгынын алкагында «Өмүрү өрнөк инсандар» темасында филология илимдеринин доктору, профессор Акеш Иманов, филология илимдеринин доктору профессор, УИАнын ардактуу академиги Жүсөкан Осмонова менен жолугушуу кечеси болуп өттү.

Жолугушууга ЫМУнун жетекчилиги, окутуучулары жана студенттери катышты.

Окумуштуулардын өмүрү, эмгек жолу, эмгектери камтылган видеоматериалдар көрсөтүлгөндөн кийин алар өздөрү мугалимдик улуу сапарга аттанган күндөрүнөн тартып, илимдеги жолу, ийгиликтери менен жетишкендиктери жөнүндө сөз кылышып, ушул даражага жеткирген билим алуу жана талыкпаган эмгек гана болгондугун баса белгилешти. Студенттерге билим алуудан талбоону, аракетчил, эмгекчил болууга, кызматын элге арнап, мекенчил болууга чакырып, насаат-кеңештерин беришти.

Андан соң ЫМУнун ректору А.Иманбаев, филология факультетинин деканы Ү.Кадыркулова, филология илимдеринин доктору, профессор А.Абдыкеримова сүйлөп, тилчи-окумуштуулардын кыргыз илиминдеги, университеттин түптөлүшүндөгү, жаш муундарды окутуп-тарбиялоодогу өзгөчө ордун белгилеп өтүштү. Ал эми cтуденттердин атынан А.Абдылдаева сүйлөп, агай-эжейдин өмүрү, эмгек жолу аларга үлгү экендигин айтып, бекем ден соолук каалады. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер окумуштууларга арналган ырларды көркөм окушуп, обондуу ырларды аткарышты.

Кеченин аягында ЫМУнун ректору А.Иманбаев Ж.Осмоновага Билим берүү жана илим министрлигинин «Илимдин мыктысы» төш белгисин тапшырды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть