9:34 16 мая 2022

КУАУнун ректору АКШга иш сапарынын жыйынтыгы боюнча университетте жыйын өткөрдү

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев май айынын башында Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун жана көз карандысыз эксперттердин делегациясын жетектеп, Америка Кошмо Штаттарына иш сапары менен барып келди.

Делегациянын курамында К.И.Скрябин атындагы КУАУнун ректору, УИАнын академиги Рысбек Нургазиев да болуп, 2022-жылдын 12-майында университеттин кафедра башчылары, профессор-окутуучулары, студенттери, группанын старосталары, лидерлери катышкан чоң жыйын өткөрдү.

Жыйында Р.Нургазиев профессор-окутуучулардын, кафедра башчылардын жана студенттердин алдына чоң милдеттемелерди койду. Ар бир кафедра, факультет билим берүүгө инновацияларды киргизүү менен билим берүү Start Up′тарды ишке киргизүү боюнча жигердүү иштөө үчүн бардык шарттар түзүлүп жаткандыгын айтты. Ошондой эле чет тилдерин тереңдетип үйрөнүүнү, күчөтүүнү жана IT технологияны жогорку деңгээлде өнүктүрүү бүгүнкү күндүн талабы экендигин, мындай программаларды ойлоп таап, иштеп чыккан IT адистиги чоң суроо-талапты жараткан кесипке айланарын белгиледи.

Прикрепленные документы (1):

Сайтка 14.05.22..docx
14 KB
Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть