19:17 23 мая 2022

КММнын кызматкерлери Исхак Раззаковдун үй-музейине жана Улуттук тарых музейине барышты

2022-жылдын 20-майында КММАнын мамлекеттик тилди ѳнүктүрүү секторунун иш планына ылайык, түзүмдүк бѳлүмдѳрдѳн 40 кызматкер жана мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Гүлсүнкан Жунушалиева баш болуп, Исхак Раззаковдун үй-музейине жана Улуттук тарых музейине барышты.

Маданий нарк, эне тил менен уланмалуу санжыра ѳзѳгүнѳн жан дүйнѳсүн азыктандырып, руханий дѳѳлѳттѳрүн эске алышты.

Иш-чаранын жүрүшүндѳ ар бир кызматкердин эстетикалык сезимдери жанданып, улуттук баалуулуктарга кѳз карашы ѳзгѳрдү. Байыркы кыргыздан тараган ата-баба, урпактарыбыз, айкѳл, кѳрѳгѳч, сарамжал, баатыр, тайманбаган калк болгондугуна дагы бир ирет сыймыктана ынанып, бул максаттуу сапарды уюштурган МТϴ секторуна ѳзгѳчѳ ыраазычылыгын билдиришти.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

up

Закрыть Закрыть