18:01 15 июня 2022

Өзгөн технологиялык институтунда жаш балалуу эне-студенттердин сынагы өттү

Президент С.Жапаровдун «Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» жарлыгынын алкагында Ош технологиялык университетинин академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда жаш балалуу эне-студенттердин сынагы өттү.

Бул иш-чарада энелер балдарына тарбиялык мааниси бар жомокторду айтып беришти, бешик ырларын ырдашты, бала багуунун ырахатын жана үй-бүлө күтүү, атасына балдардын мамилеси боюнча суроолорго жооп беришти.

Иш-чарага институттун студенттери жана ата-энелери катышып, концерттик программа менен коштолду.

Институтта күндүзгү бөлүмдө окуган 11 студент-келиндин жаш балдары бар.

Уюштуруучулар — институттун аялдар кеңеши.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть