18:08 7 сентября 2022

ОшМУда Кыргыз-Испан тил жана маданият борбору ачылды

ОшМУда Кыргыз-Испан тил жана маданият борбору ачылды.

Борбор ОшМУнун Эл аралык билим берүүнүн жогорку мектебинин америкалык жана европалык интеграция бөлүмүнүн базасында жайгашкан.

Саамалыкка окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков баштаган ректораттын өкүлдөрү, Эл аралык билим берүүнүн жогорку мектебинин профессордук-окутуучулук курамы, студенттер катышты. Ал эми коноктордон Испаниянын Кадис университетинин интернационалдаштыруу боюнча проректору Рафаэль Хименес баштаган делегация болду.

Кыргыз-Испан борбору эки өлкөнү жана эки окуу жайды тааныштырган маалыматтар менен толукталып, маданий баалуулуктарды да чагылдырып турат. Борбордо студенттер испан тилин тереңдетип окуткан курстардан өтүшүп, эки өлкөнүн маданиятын дүйнөгө жайылтууга салым кошот.

Иш-чаранын алкагында 2021-2022-окуу жылында Кадис университетинен бир семестр окуп келген студенттерге сертификаттар тапшырылды.

Кыргыз-Испан тил жана маданият борборун Кадис университетинен келип, 2018-жылдан бери ОшМУда эмгектенип жаткан окутуучу Инмакулада Веласко Гомес жетектейт.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть