К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин профессор-окутуучулар Баткен элине жардам катары 120 миң сом акча каражатын которуу чечимин кабыл алды.
Ошондой эле ЫМУнун студенттери тарабынан демилге көтөрүлүп, жабыр тарткан жарандарга кайрымдуулук иш-чарасын өткөрүштү. Атайын комиссия түзүлүп, 3 сааттын ичинде 25 миң 603 сом акча каражаты банк аркылуу атайын эсепке которушту. Дары-дармектерди да чогултушуп, Каракол шаардык мэриясына өткөрүп беришти.