17:49 29 сентября 2022

Билим берүү тармагындагы серепчи Кеңешбек Сайназаров ОшМПУнун студенттерине лекция окуду

Билим берүү тармагындагы белгилүү серепчи, кеңешчи, лектор Кеңешбек Сайназаров Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде студенттерге лекция окуду.

Лектор көп тармактуу адис болгондуктан, иш-чара аралаш форматта жүрүп, көбүнесе суроо-жооп аркылуу тема бышыкталып, маалыматтар такталды. Google тиркемеси аркылуу туура маалымат издеп-табуунун жолдору боюнча кенен түшүнүктөр берилди. Балдардын креативдүү ой жүгүртүүсү жана жаңы, заман талабына шайкеш келген кадр катары даярдалуусу, инновациялык коомдогу активдүү жаранга айлануусу тууралуу пикирлер айтылды.

Кеңешбек Сайназаров — «Жалпы кызыкчылыктарды издөө» тынчтык куруу уюмунун Азия региону боюнча кеңешчиси жана Өзбекстан кеңсесинин мүдүрү. Ал ОшМПУда салтка айланган конок-лекциянын катышуучусу болуп, өзүнүн билимин жана тажрыйбаларын студенттер менен бөлүштү.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть