19:40 7 октября 2022

ОшТУда студенттерге мотивациялык семинар өткөрүлдү

Ош технологиялык университетинде Өзү-өзү өнүктүрүү борбору ачылып, 1 жылдан бери иш алып барууда.

Аны негиздөөчүсү, гуманитардык-технологиялык колледжинин кыргыз тили жана адабияты окутуучусу, «Санарип мугалим-2022» сынагынын жеңүүчүсү Надилбек кызы Бегимай жетектеп келет. Өзгөчөлүгү — «Устат-шакирт бир аянтта».

Жаңы окуу жылында студенттерге шык-дем берүү үчүн «Бүгүнкү сенин жүрүшүң — эртеңки элиңе кошкон үлүшүң» аттуу мотивациялык семинар-тренинг өтүп берди. Семинарга университетте билим алып жаткан студенттер катышты. Анда мурда окуган студенттер тапталып, шакирт болуп изденип, ар бири кесибинен сырткары, кошумча тренер болуп даярданып жатканын айтышты.

Бул борбор атайын студенттер үчүн курс ачып, 4 багытта билим берип, окута турганын билдиришти. Курста кыргыздын нарктуулугу, дөөлөттөрү боюнча, психология, шыктандыруу, сөз чеберчилиги, кошумча киреше табуу, кесибинен сырткары жаңы кесипти аркалоо жаатындагы сабактар мамлекеттик тилде өтүлөт.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть