20:39 16 октября 2022

ЫМУда пассионарийлердин доору жана Кыргызстандагы тунгуч университет боюнча конок лекция болду

12-октябрда К.Тыныстанов атындагы ЫМУда «Тарых, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу» кафедрасынын уюштуруусу менен А. С.Данияроваын «Пассионарийлердин доору жана Кыргызстандагы тунгуч университет» аттуу темада конок лекция болду.

Лекцияга тарых, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу адистигинин, филология факультетинин студенттери, окутуучулары катышышты.

Конок лекция абдан кызыктуу, маалыматтуу, мазмундуу болду. Алгачкы кыргыз интеллигенттери, алгачкы билим берүүчү окуу жайлар боюнча фото көргөзмөлөр уюштурулду. Бул фото көргөзмөдө үй-бүлөлүк, жеке архивдик (А.Даниярованын) фонддогу сүрөттөрү, б.а. жалпы коомчулукка белгисиз фото документтер колдонулду. КИРИНПРОС - жогорку билимдин үрөнүн сепкен Кыргызстан аймагындагы алгачкы окуу жайы боюнча кызыктуу фактылар айтылды.

Тарых адистигинин студенттери өздөрү кызыккан суроолору боюнча көргөзмө алдында лектор менен пикир алыша алды.

А.Даниярова университеттин музейине Ташкенттен мамлекеттик архивден алынган жаңы кыргыз алфавит комитетинин I-уюштуруу жыйыны боюнча жана Эл Агартуу комиссариаты (Наркомпрос) алдындагы илимий кеңешме тууралуу фото документтерди белек кылды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть