15:51 20 октября 2022

ИИМдин Академиясында кыргыз милициясынын тарыхы боюнча илимий иш-чара өттү

20-октябрда милициянын генерал-майору Э.Алиев атындагы ИИМдин Академиясында кыргыз милициясынын тузүлгөндүгүнүн 98 жылдыгына карата «Коомдук-саясий сабактар жана психология» кафедрасы тарабынан «Кыргыз милициясынын тарыхы» темасында илимий-практикалык конференция уюштурулду.

Иш-чарага ИИМдин Академиясынын начальниги, милициянын полковниги Т.Абитов, анын орун басары ю.и.д., милициянын полковниги А.Жоробекова, ИИМдин ардагери, ю.и.д., отставкадагы милициянын генерал-майору Т.Асаналиев, ИИМдин «Генералдар клубунун» төрагасы, отставкадагы милициянын генерал-майору С.Дубанаев, ИИМдин Академиясынын ардагери ю.и.к. А.Мавлянов, ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасынын орун басары, милициянын отставкадагы подполковниги А.Бегалиев, Улуттук илимдер академиясынын «Тарых жана маданий мурас» институтунун илим изденүүчүсү, отставкадагы милициянын подполковниги К.Бокоев, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин, Кыргызстан эл аралык университетинин, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин өкүлдөрү жана ИИМдин Академиясынын профессордук-окутуучулар курамы катышты.

Конференцияны саламдашуу сөзү менен ИИМдин Академиясынын начальниги Т.Абитов ачып, алдыда келе жаткан 1-ноябрь — милиция кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктап, конференциянын ишине ийгиликтерди каалады.

Андан соң катышуучулар кыргыз милициясынын тарыхындагы эң орчундуу мезгилдерине токтолуп, баяндама жасашып, алар кызуу талкууланып, милиция мамлекеттин маанилүү түзүмдүк органы болгону жана Кыргыз милициясынын түзүлүү күнү кыргыз мамлекеттүүлүгүнөн түздөн-түз көз каранды экендиги белгиленди.

Аягында илимий иш-чаранын катышуучулары ар тараптуу сунуштамаларды беришип, ИИМде жана ИИМдин Академиясында жүргүзүлүп жаткан ишмердиктерди белгилей кетишти.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть