15:36 20 октября 2022

ОшТУда социалдык кызматкерлердин кесиптик майрамы белгиленди

Ош технологиялык университетинде 19-октябрь — Социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин күнү салтанаттуу белгиленди.

Майрамдык иш-чарага ОшТУнун жетекчилиги, экономика жана башкаруу факультетинин жалпы жамааты, мекеме-ишаналарда иштеген социалдык коргоо профсоюз кызматкерлери, «Социалдык иш» багытында билим алып жаткан студенттер катышты.

Иш-чаранын негизги максаты коомдогу адамдар арасындагы бири-бирине болгон боорукердик сезимдерин ойготуу, бири-бирине камкордук көрүүгө үйрөтүү жана өсүп келе жаткан муунду бири-бирине жардам берүү менен коомдо мыкты инсан болууга калыптанууга үндөө болуп саналат.

Экономика жана башкаруу факультетинин деканы Азамат Артыков социалдык коргоо кызматкерлеринин күнү менен куттуктап, ары түйшүктүү, ары сыймыктуу жумушту аркалап келе жаткан бардык кызматкерлерге, бул багыттагы адистерди даярдап жаткан кафедранын жалпы жамаатына ыраазычылык билдирди.

«Социалдык иш» багытында билим алып жаткан студенттер арасында социалдык коргоого багытталган шарттардын негизинде атайын сынак уюштурулду. Мында алар жалпы эле коомчулукта орун алып жаткан ар кандай социалдык багыттагы көйгөйлүү маселелерди чагылдырып, пайда болгон маселелерди чечүүнүн жолдору, социалдык кызматкердин коомдогу ролу тууралуу сахна көрүнүштөрүн тартуулашты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Ош шаарындагы мекеме-ишканалардан келген кызматкерлер калыстык кылышып, жеңүүчү командаларга ардак грамота, акчалай сыйлыктары жана баалуу белектер тапшырылды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть