20:40 31 октября 2022

ОшТУда транспорт кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди

Ош технологиялык университетинде Автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлеринин күнүнө карата майрамдык салтанат өткөрүлдү.

Бул майрам Советтер Союзу мезгилинен бери эле белгиленип келет жана октябрь айынын акыркы жекшемби күнүнө туш келет. Аталган иш-чарага Ош облустук жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын өкүлдөрү, университеттин жетекчилиги, автоунаа жана тейлөө технологиясы факультетинин жалпы жамааты жана бул багытта билим алып жаткан студенттер катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө ОшТУну бүтүрүп, өз кесиби менен ийгиликтүү эмгектенип жаткан бүтүрүүчүлөр студенттерге бүгүнкү күндөгү өлкөнүн социалдык-экономикалык абалында бул багытты тандаган адистердин негизги ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалыматтарды беришти. Студенттер өздөрү кызыккан суроолорго жооп алып, келечекте өз кесибинин мыкты ээси болууга максат коюп жатышкандыгын белгилешти. ОшТУну бүтүрүп кеткен бүтүрүүчүлөрдү бүгүнкү күндөгү ийгиликтери үчүн университеттин жамаатынын атынан куттукташты. Ошондой эле аларга ОшТУ менен тыгыз байланышып, кадр даярдоодо көмөк көрсөтүп келе жаткандыктары үчүн ыраазылык билдирилди.

Салтанаттын жүрүшүндө окуу жайдын таланттуу студенттери тарабынан концерттик программа тартууланды.

ОшТУ 1963-жылдан бери автотранспорт багытындагы кадрларды даярдап келет.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть