16:59 15 ноября 2022

ОшТУда мугалимдер үчүн семинар өткөрүлдү

Ош технологиялык университетинин профессордук-окутуучулук курамы үчүн «Univer+ окуу процессин санариптештирүүнүн негизги инструменти катарында, негизги маселелер» деген темада семинар өткөрүлдү.

Мында окуу процессин уюштурууда санариптик технологиянын колдонулушундагы бардык маселелер талкууга алынды. Анткени буга чейин университетте AVN окутуу системасы колдонулуп келген болсо, өткөн жылдан баштап Univer+ окутуу программасы колдонулуп баштаган. Бир программадан экинчи программага өткөрүүдө университеттин Маалыматтык жана билим берүүдөгү инновациялык технологиялар борборунун жетекчилиги жана кызматкерлери ар түзүмдөргө жеткиликтүү маалымат берип, кызмат көрсөтүшкөн.  Ал эми бири экинчисинен айырмаланган программаларды өздөштүрүүдө пайда болгон кыйынчылыктарды жалпы жамаат менен биргеликте жоюу максатында бул сыяктуу иш-чаралар тынымсыз уюштурулуп келет.

Семинарга окуу жайдагы сабак берген бардык мугалимдер, окуу бөлүмүмүн жетекчилиги, Маалыматтык жана билим берүүдөгү инновациялык технологиялар борборунун кызматкерлери катышышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть