2022-жылдын 16- ноябрында К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун экономика тарых жана туризм факультетинин «Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит» кафедрасынын «Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит» адистигинин 4-курсунун студенттери окуу жайдын жатаканасында жашап жаткан студенттерин Эл аралык студенттер күнү менен куттукташты.
Иш-чара эстафета, викторина, флешмоб жана ар кандай сынактар менен коштолуп, активүү катышкан студенттерге кызыктыруучу белектер берилди.
Иш-чарага ЫМУнун тил жана жаштар саясаты боюнча проректору Б.Атыгаев жана кафедранын бардык окутуучулары катышты. Соңунда жатакананын студенттерине үчүн фуршет даярдалды.