21:53 12 декабря 2022

ОшМПУда зордук-зомбулуктун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү максатында жолугушуу болуп өттү

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде «Зордук-зомбулуктун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү» деген аталышта жолугушуу болуп өттү.

Иш-чара президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты тарабынан жарыяланган «Коркпо! Токтот! Жаша!» деген өнөктүктүн алкагында уюштурулуп, ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, тиешелүү мекемелердин адистери, окутуучулар жана студенттер катышты.

Жолугушууда ОшМПУнун ректору, профессор Бекмурза Зулуев жана президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев сөзгө чыгып, өлкөдө жүз берип жаткан зордук-зомбулуктун келип чыгуу себептери, анын алдын алууга, жоюуга болгон иш-аракеттерге токтолушту.

Ошондой эле ИИМдин алдындагы Республикалык окуу борборунун Ош шаарындагы филиалынын улук окутуучусу, милициянын майору Лилия Хафизова, Эрдем мечитинин баш имам хатиби Мунарбек Акматов, Ош шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Зулпукар уулу Чыңгыз, ОшМПУнун «Психо-диагностика» борборунун башчысы Мавлюда Ысакова аталган теманын алкагында өз тармактары боюнча баяндамаларын жасашып, таасирдүү видеотасмалар көрсөтүлдү.

Иш-чара суроо-жооп жана талкуу менен коштолуп, студенттер бир нече орчундуу пикирлерин ортого салышты. Жыйынтыгында адистер жана жетекчилик ар бир суроого жоопторун беришип, мындан ары да бул сыяктуу өнөктүктөр тынымсыз уюштуруларын белгилешти.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть