18:24 12 декабря 2022

Евразиялык экономикалык комиссиясы менен КЭУ 2023-2024-жылдарга кызматташуу программасына кол коюшту

2022-жылдын 8-декабрында Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинде «Жаңы экономикалык чакырыктардын шартында ЕАЭБди өнүктүрүүнүн негизи катары, илимий-техникалык кызматташтык: тенденциялар жана өнүгүү келечеги» аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Бул иш-чара Билим берүү жана илим министрлиги жана Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан уюштурулду.

Илимий-практикалык конференцияны Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев жана Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович ачып берди.

Ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча коллегиясынын мүчөсү Арзыбек Кожошев баштаган ЕЭК макроэкономика боюнча коллегия мүчөсү (министр) Сергей Глазьев, КР Билим берүү жана илим министрлигинин, Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү, Кыргызстандын жана Россиянын ЖОЖдорунун ректорлору, институттардын, фонддордун директорлору жана эл аралык программалардын эксперттери катышты.

Конференциянын алкагында Евразия экономикалык комиссиясы менен М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин 2023-2024-жылдарга кызматташуу программасына ЕЭК коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович жана КЭУнун ректору Алмаз Кадыралиев кол коюшту.

Мындан тышкары, ЕЭК коллегиясынын төрагасы Михаил Мясниковичке «М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илим-изилдөө университетинин ардактуу профессору» наамы ыйгарылды.

Конференциянын жүрүшүндө Евразия экономикалык комиссиясынын макроэкономика боюнча коллегия мүчөсү (министр) Сергей Глазьев өзүнүн автордук «Евразиялык экономикалык интеграция. Теория жана практика» окуу китебин презентациялады. Бул китепте Бажы биримдигинин, бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин жана акырында ЕАЭБдин өзүн колдоочу түзүмдөрдү калыптандыруу жана тынымсыз өркүндөтүү боюнча катышуучу-мамлекеттердин көп жылдык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары берилгенин белгиледи.

Илимий-практикалык конференцияда ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин илимий-техникалык кызматташтыгы чөйрөсүндө 2025-жылга чейин евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын ишке ашырууга байланышкан маселелер каралды.

Ошондой эле ЕАЭБ мыйзамынын негизинде бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүүнүн келечеги, Евразиялык тармактык университеттин ишмердүүлүгү талкууланып, онлайн-программаларын иштеп чыгуу жана аралыктан билим берүүнү өнүктүрүү зарылдыгы баса белгиленди.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть