19:49 19 декабря 2022

ЫМУда Касым Тыныстановго арналган илимий-практикалык конференция өттү

16-декабрда К.Тыныстанов атындагы ЫМУда «К.Тыныстанов: мамлекеттүүлүктүн жана агартуунун башаты» деп аталган республикалык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Конференция офлайн жана онлайн форматында болуп, университеттин профессор-окутуучулары жана студенттери катышты. Алардан тышкары, республиканын жогорку окуу жайларынан да меймандар баяндамалары менен чыгышты.

Пленардык отурумда КР президентинин алдындагы Ж.Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын « Тилдер жана коомдук илимдер» кафедрасынын башчысы, тарых илимдеринин доктору, профессор А.Болпонова «К.Тыныстанов саясий репрессия боюнча илимий изилдөөлөрдө»; А.Даниярова «Улуттук мамлекеттүүлүк жана агартуу системасы»; Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин доценти Г.Анарбаева «XIX кылымдын экинчи жарымындагы түштүк кыргыздардын жайгашуу ареалы»; Эл аралык Кувейт университетинин окутуучулары: А.Т.Оторчиева «Кыргыз жана араб тилдериндеги соматикалык фразеологизмдер»; Э.Буудайбекова «Кыргыз жана араби тилдериндеги жылкы компонентине байланыштуу анималисттик фразеологизмдер» деген темалардагы илимий баяндамаларын жасашты.

Ал эми ЫМУдан мамлекеттик тил жана жаштар саясаты боюнча проректору Б.Атыгаев «Касым Тыныстанов — кыргыз тилинин грамматикасынын негиздѳѳчүсү» деген темада окумуштуунун кыргыз тилинин грамматикаларына анализ жүргүздү.

Пленардык жыйындан кийин «Филологиялык илимдер», «Педагогика», «Социалдык-экономикалык илимдер», «STEAM» секциялык отурумдары конференциянын ишин улантты. Секциялык отурумдар кызуу талкуу менен өттү.

Конференциянын максаты — өткөндүн жана азыркы учурдун окумуштууларынын бай мурастарын сактоо жана аларга илимий баа берүү, азыркы илимдин ар түрдүү тармактарындагы илимий маселелерди чечүүгө жаңы мамилелерди иштеп чыгуу, маданият аралык жана илимий алакаларды кеңейтүү жана илимдин актуалдуу маселелерин изилдеп-үйрөнүү.

Катышкан меймандар ыраазычылык билдирүү менен конференциянын мыкты деңгээлде өткөндүгүн, университеттин жамаатынан ички уюшкандыкты жана бекем ынтымакты байкагандыктарын билдиришти.

ЫМУнун жетекчилиги «Тыныстанов окуулары» деген жалпы аталыштагы иш-чаралар, конференциялар жыл сайын уланарын жана конференциянын масштабын эл аралык конференцияга айландырууга ниет кылып жатышкандыктарын баса белгилешти.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть