19:08 26 декабря 2022

ОшМПУнун «Багыт» окуу борбору окуучулар үчүн «Кесибим — келечегим» аттуу форум жарыялады

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин «Багыт» окуу борбору «Кесибим — келечегим» аталышындагы форум жарыялады.

Саамалык Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарындагы мектеп окуучуларына кесипке багыт берүү жана ЖРТга даярданууга көмөк көрсөтүү өңүтүндө уюштурулууда.

Учурда Араван районунан 59, Кара-Суудан 118, Өзгөн районунан жана шаарынан 161 окууучу 1-турга катышып, тесттен өтүштү.

Иш-чара 3 этаптан туруп, алгачкысы 1-декабрдан 28-февралга чейин ЖРТ боюнча «Сынамык тест тапшыруу» жана «Кесибим — келечегим» аталышында эссе жазуу сынагы райондордо жүргүзүлөт.

2-этапта 2023-жылдын 14-февралында ОшМПУда финалдык интеллектуалдык таймаш өткөрүлөт. Ал эми соңку бөлүк 15-февралда «Кесипке багыт берүү» форуму менен жыйынтыкталат.

Иш-чаранын алгачкы этаптарына ар бир мектептин 11-классынан 2ден окуучу катыша алат. Катышуучулар алгач онлайн-каттоодон өтүп, форумга жалпы 9-10-11-класстардын окуучулары катышууга укуктуу.

Жеңүүчүлөргө баалуу сыйлыктар коюлган: 1-орунга — ноутбук, 2-орунга — 20 000 сом, 3-орунга — 10 000 сом жана кошумча ЖРТга даярдоо курсуна акысыз жолдомо.

Бул форум окуучулардын билим деңгээлин өнүктүрүү, кесип тандоого багыт берүү, ЖРТга даярданууга жакындан көмөк көрсөтүү максатында университеттин Мектеп мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу, ЖОЖго чейинки даярдоо бөлүмү тарабынан уюштурулуп жатат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть