17:50 16 января 2023

ОшМПУнун окутуучулары Казанда өз билимдерин жогорулатышууда

10-январь күнү Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин «дене тарбия жана музыка» адистиги боюнча 24 окутуучу Казань федералдык университетинин Елабуга институтуна тажрыйба алмашууга жана квалификация жогорулатууга барышты.

ОшМПУдан барган окутуучуларды алгач институттун ректорунун тарбия иштери боюнча орун басары Ирина Михайлова баштаган өкүлдөр тосуп алып, эки ЖОЖдун кызматташуусу артып, мыкты аракеттер жүзөгө ашып жатканын кубануу менен белгиледи. Андан соң конокторду институт менен жана тренинг бою коштой турган кесиптештери менен тааныштырды.

Окутуучулар педагогика кафедрасынын доценти Ольга Шатунованын алгачкы сабактарына катышып, академик К.А.Валиев атындагы илимий кызматташтык үйүнүн инфраструктурасы менен таанышып чыгышты.

Квалификация жогорулатуу курсу 11-январдан 27-январга чейин уланат. Жыйынтыгында 27-январда курстардын жабылышы жана окутуучуларга квалификациясын жогорулатуу боюнча сертификаттарды тапшыруу аземи болот.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть