Ош технологиялык университети Өзбекстандын Наманган шаарындагы Наманган мамлекеттик чет тилдер институту менен билим берүү, илим тармагында кызматташуусун кеңейтет.
Бул максатта 24-январда ОшТУнун мамлекеттик тил боюнча проректору, педагогика илимдеринин доктору, профессор А.Зулпуев жетектеген чет тилдер кафедрасынын башчысы К.Тургунбаева, компьютердик лингвистика кафедрасынын башчысы А.Шерматова, мамлекеттик тил бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Ж.Айтибаева курамындагы делегация иш сапарда болду.
Иш сапардын жүрүшүндө эки окуу жайдын ортосунда меморандумга кол коюлуп, билим жана илим тармагында тажрыйба алмашуу боюнча макулдашылды.