20:33 3 февраля 2023

ОшТУнун бизнес-инкубатору бизнес тренингдерин баштады

Ош технологиялык университетинин эл аралык бөлүмү университеттин технопаркы жана бизнес-инкубатору менен биргеликте активдүү студенттер үчүн Step by step («Кадам сайын кадам») аттуу тренинг өткөрдү.

Тренингди илимий иштер жана инновация боюнча проректор, профессор Н.Танаков ачып, ийгиликтерди каалады.

ОшТУнун технопаркынын жетекчиси, доцент Н.Калдыбаев «Концептуальные основы трансформации ОшТУ», «Университет и перспективы развития инновационной деятельности» деген темаларда баяндама жасап, бүгүнкү күндө университетте окуган студенттер үчүн түзүлгөн мүмкүнчүлүктөргө токтолду.

Мындан сырткары, ОшМУнун бизнес паркынын директору, доцент Э.Камалов «Кыргызстандагы бизнес-инкубаторлордун өнүгүү келечеги» темасында баяндама окуп, Кыргызстан жаштарынын келечекке карай өнүгүүсүнө багыт алуусунда бизнестин ролу тууралуу маалыматтарды берди.

Ош шаарынын ишкердикти колдоо борборунун ага консультанты С.Рахманов «Дизайн мышление (способы правильно выбрать свое направление)» аттуу темада, эл аралык бөлүмдүн адиси М.Улукбек кызы «Стартап жана бизнес-идея деген эмне?» аттуу темада баяндамаларды жасашты.

Иш-чаранын негизги максаты студенттер арасында окуу менен бирге өз идеяларын ишке ашырып, бизнес жаатында өз багытын туура тандап, келечекке мыкты даярдык менен барууга багыттоо болуп саналат. Тренингде талкуулар жүрүп, суроо-жооптор менен коштолду. Жыйынтыгында келген конокторго ыраазычылык каттар тапшырылды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть