17:30 6 февраля 2023

ОшТУнун профессордук-окутуучулук курамы Ферганада болду

Өзбекстан мамлекетинин Мухаммед-аль-Хорезми атындагы Ташкент мамлекеттик технологиялар университетинин Фергана филиалы жана Фергана политехникалык институту менен Ош технологиялык университетинин ортосундагы түзүлгөн келишимдерге ылайык, ОшТУнун профессордук-окутуучулук курамы атайын иш сапар менен коңшу мамлекеттин аталган окуу жайларына барды.

ОшТУнун окуу иштери боюнча проректору, доцент У.Мамытов, кибернетика жана маалымат технологиялар факультетинин деканы, ОшТУнун профессору Ш.Сайдаматов, «Маалыматтар технологиялары жана башкаруу» кафедрасынын башчысы, ф-м и. д., профессор А.Сатыбаев, Гуманитардык-технологиялык колледждин окутуучусу У.Элчибеков Фергана политехникалык институтунун илимий-иштер жана инновациялар боюнча проректору З.Хамракулов, эл аралык мамилелер бөлүмүнүн башчысы Н.Исмоилов жана компьютердик технологиялар факультетинин деканы М.Тохиров менен жолугушуу өткөрүштү. Бул жолугушууга аталган институттун профессордук-окутуучулук курамы дагы катышып, эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрдү.

Ошондой эле Ш.Сайдаматов, А.Сатыбаев, У.Элчибеков семинар-тренингге катышты. Эки элдин материалдык жана руханий маданияты туурасында лекциялар өтүлдү. Фергана политехникалык институнун профессордук-окутуучулар жамаатына кыргыз элинин материалдык жана руханий маданияты туурасында У.Элчибеков лекция окуду.

Иш сапар 4-февраль күнү Мухаммед-аль-Хорезми атындагы Ташкент мамлекеттик технологиялар университетинин Фергана филиалында уланып, ОшТУнун окуу иштери боюнча проректору У.Мамытов жана ТАТУнун ректору Ф.Мухтаров, илим боюнча проректору Б.Полвонов ортосунда эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп, бир катар келишимдерге кол коюлду.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть